• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Транспорт министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин адистери окутуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин адистери жана ата мекендик жүк ташуучулар окутуудан өткөрүлдү. Алар уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн жаңы киргизилген функциялар менен жакындан таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушундай эле окутуу 2023-жылдын 28-ноябрында өтүп, анда жаңы функциялар иштеп чыгуучулар тарабынан маалыматтык системанын өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрмөлөр берилген.

"Жаңы киргизилген функциялар боюнча жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү КРдин Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан elicense.gov.kg, мамлекеттик “Түндүк” платформасы аркылуу Транспорт министрлигинин "Электрондук транспорттук контролдоо" сайттарына келип түшөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 15-декабрдан 2023–жылдын 29-декабрына чейин Экономика жана Коммерция министрлигинин elicense.gov.kg сайты аркылуу эл аралык ташууларга уруксат кагаздарды алууга арыздарды электрондук форматта өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштаганын маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий