• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абдрахматова АКШ элчиси менен Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышын талкуулады

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышын, адамдардын социалдык абалына, жынысына, жарандыгына жана башка көрсөткүчтөргө карабастан социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы түзүлгөн шарттар боюнча пикир алмашуу менен бирге сөз эркиндигинин, гендердик теңчиликтин сакталышына өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле Кыргызстандын бийлик органдары тарабынан КР Акыйкатчысынын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелердин аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, бардык мамлекеттик органдар бул милдеттенмелерди так сактоосу зарыл экени айтылды.

Пикир

Оставить комментарий