• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ: Бишкекте ишкерди уурдап, $140 миң талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Бишкекте 33 жаштагы жигитти уурдап, андан акча талап кылган кылмыштуу топтун алты мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, жабырлануучу адам курулуш менен алектенет.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү 22-апрелде аны Бишкектеги Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине жолугушууга чакырышкан. Кийин кылмыштуу топ ишкерди уурдап, белгисиз тарапка алып кетишкен жана 140 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кыла башташкан.

Ишкердин жубайы окуя тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, КР Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

24-апрелде ИИМдин КИББНын жана Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар: 1990-жылы туулган А.Б., 1988-жылы туулган А.А., 1989-жылы туулган А.К., 1987-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган К.Б.

Кармалгандар Тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, 1988-жылы туулган Р.А. аттуу жаран К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий