• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Кечээ, 29-январь күнү Ош шаарында атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун дагы беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар кечээ, саат 16.30 чамасында Ош шаарындагы "Изюм" ресторанынын тушунда "Мерседес-Бенц" унаасы менен бара жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

"Алар бейбаштыкка шектүү катары кармалышты. Кармалгандардын бешөө тең Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Төртөө Ош облусунун, бирөө Ош шаарынын аймагында туруктуу жашайт: 1. 27 жаштагы Э. А. уулу, Өзгөн районунун тургуну; 2. 28 жаштагы Р.Э., Кара-Суу районунун тургуну; 28 жаштагы 3.У.Э., Өзгөн районунун тургуну; 4. 36 жаштагы Р.Н., Кара-Суу районунун тургуну; 5. 35 жаштагы М.А., Ош шаарынын тургуну", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.

Учурда КР Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки иш ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн кимисинин канчалык деңгээлде кылмышка тиешеси бар же жоктугу аныкталат. Ачылган сотко чейинки өндүрүш боюнча кеңири маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий