• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМ: Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Чүйдүн Ысык-Ата-районунун Дмитриевка айылындагы атайын операция аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда аталган айылдан курчоо алынды. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу болуп, бир террорист жок кылынгандыгы маалымдаган.

Күч органдарынын эки кызматкери жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий