• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-иран алакалары кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө Саид Харрази бул жолугушуу тарыхый мааниге ээ экендигин, анткени мындан туура 29 жыл мурда ушул күнү 21-декабрда Иран мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн таанып, эки тараптуу алакалар башталгандыгын баса белгилеген.

Облус башчысы Жарасул Абдураимов Иран мамлекети менен алакаларды жакшыртуу маанилүү экендигин белгилеп, эт таңкыстыгын жоюу үчүн Кыргызстанда тоок өндүрүү жана анын атайын азыктарын чыгаруу боюнча Иран тажрыйбасын жайылтуу боюнча долбоор иштеп жаткандыгын айтты.

Мындан сырткары, “Ош облусунун аймагында меджабдыктар, беткап чыгаруучу ишканынын, суусундук куюучу желим идиштердин грануласы сыяктуу негизги сырьелор дал ушул Ирандан алууну болжоп ири долбоор баштап жатабыз, буюрса муну иш жүзүнө ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар”, - деп белгиледи облус башчысы.

Пикир

Оставить комментарий