• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ, Финполициянын аймактык бөлүмдөрү жана Бишкектеги прокуратура органдарынын ишмердигинин мониторинги жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар. Тергөө органдарынын жумушу кыйла көбөйүп, иликтөө иштеринин сапатынын начарлашы жана сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөөнүн мөөнөттөрүнүн бузулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана сот-укуктук реформанын алкагында өтүп жаткан иш-чараларды мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топтун дарегине кайрылуулардын жана маалыматтык каттардын көбөйүшүнө байланыштуу 2019-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаевдин жетекчилиги астында аталган эксперттик жумушчу топ ИИМ, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрү жана Бишкек шаары боюнча прокуратура органдарынын ишмердигинин мониторингин жүргүздү.

Эксперттик жумушчу топ Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринин ишин, жаңы кылмыш мыйзамдарынын күчкө кириши менен укук коргоо органдарынын ыкчам бөлүмдөрүнүн жумушун, бул багытта көзөмөлдөөчү органдардын ишмердигин изилдеп, анализин жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө ички иштер органдарынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын жана прокуратура органдарынын жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонуу боюнча учурдагы иши изилденди.

Иш жүзүнө келгенде бул багытта пайда болгон көйгөйлөр талкууланып, практикалык кызматкерлердин пикирлери жана сунуштары угулду. Мындан тышкары, аталган органдардын тиешелүү кызматкерлерин тергөө иштерин жүргүзүүдө керектүү техникалык каражаттар менен камсыздоо боюнча иши талданды.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча эксперттик жумушчу топ аталган багытта укук коргоо органдарынын ишмердигинин анализин даярдоо, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды жана ишин оптимизациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жумуштарын баштады.

Пикир

Оставить комментарий