Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу максатында, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында зарыл болгон чараларды көрүп, кызмат өтөшүүдө.
Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жарандар менен мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын шарттарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө.
Эскерте кетсек, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы өлкөдө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдеринин учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районунда, Ош областынын Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү кызмат өтөп келишти.
Пикир
Оставить комментарий