• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

ИИМ: Кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, акыркы убакта WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Мындан улам ИИМ, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар КР Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

"Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого
чакырат. Андай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт", - деп билдиришти министрликтен.

КР мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий