• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсин дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда 97 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсин дүйнөдөн кайтты.

Абдулхалик Каюмович 1927-жылы 16-апрелде туулган.

1944-жылы 20-ноябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган. Ал курсун Башкырстандан өткөн. 1945-жылы Ыраакы Чыгышка которулган. Чыгыш Кытайдын Харбин шаарында байланышчы болуп кызмат кылган. Япония менен болгон согуштун катышуучусу, 1946-жылы май айында Хабаровскиге кайтып келген. 1951-жылы март айында армиядан демобилизацияланган. Тынчтык мезгилинде ТҮРКСИПте 1973-жылга чейин Аягуз шаарында, андан кийин Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо электрик болуп иштеген.

«Эрдик үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары жана Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Бишкек шаарынын мэриясы каза болгонуна байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшөт жана Абдулхалик Гайсиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Пикир

Оставить комментарий