• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандан Афганистанга дары-дармек түрүндөгү гумжардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Кыргызстандан Афганистанга дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гумжардам афган элине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын борт менен жеткирилди.

Афган тарап Кыргызстандын элине көрсөткөн жардамы жана бир туугандык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий