• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

“Жашыл экономика" — Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусундагы артыкчылык

Аналитика 0

Эгер кызматташтык толук өнүккөн болсо, өлкөлөр үчүн дагы, алардын калкы үчүн дагы сезилерлик пайда алып келүүүгө тийиш. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жылдан ашса дагы Бишкек менен Берлин экономикалык багытта жөнөкөй натыйжаларга гана жетишти. 2022-жылдын аягына карата Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүү 180 млн долларды гана түздү. Экономикасы Европа биримдигинде биринчи орунду ээлеген мамлекетти айтпаганда дагы биздин чакан республикабыз үчүн сооданын жалпы көлөмүндөгү бул көрсөткүч өтө аз.

Ошондой болсо дагы расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер "динамикалуу өнүгүүдө" деп эсептейт. "Буга мурдагы жылдары өткөн президенттердин деңгээлинде гана эмес, эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде да болуп өткөн эки тараптуу сапарлар далил боло алат. Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр. Сиздин өлкөдө бул үчүн абдан жакшы шарттар бар", - деп сөзүн жыйынтыктады германиялык эң жогорку даражалуу конок.

Кыргыз тарап дагы оптимисттик маанайда, мамилелерди конкреттүү кызматташтык менен толуктоо үчүн биргелешип иштөөгө даяр жана европалык өнөктөштөрдү кайра жаралуучу жана экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышууга чакырат. “Азыркы учурда бизде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү Программасы ишке ашырылууда, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү Фонду түзүлдү, орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Буга байланыштуу Германия тарапка Кыргызстандагы "жашыл долбоорлорго" инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз. Аларды биргелешип ишке ашыруу Париж Келишиминин алкагында климаттык жана экологиялык максаттарга жетүү менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо алмак”, - деди Садыр Жапаров.

Планетаны глобалдык жылуулуктан сактап калууга келе турган болсок, анда Кыргызстан өз ара аракеттенүүгө ачык жана жалпы ишке салым кошууга даяр. Эбегейсиз зор гидроэнергетикалык потенциалга ээ өлкөбүз көмүртектүү нейтралдуулукка жетишип, өзүн эле эмес, коңшуларын да таза энергия менен камсыздай алат. Айтмакчы, "Жашыл күн тартиби" Европада да абдан актуалдуу, ошондуктан, күчтөрдү бириктирүү менен биз планеталык масштабдагы маселелерди чече баштасак болот. Президент өз сөзүндө Кыргызстан климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн фонунда тоолуу аймакта көбөйүп жаткан чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен Германиянын "Жашыл Борбор Азия" демилгесин натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экенине басым жасады.

"Германия Кыргызстандын тышкы карызын биринчилерден болуп конверсия кылууга даярдыгын көрсөтүп, башка өлкөлөргө жакшы үлгү болду. Биз сиздин жакшы ишаратыңызды жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам", - деди Жапаров.

Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын башчысы Евробиримдик менен кызматташуу келишими боюнча төрт жылдан ашык убакыттан бери жыйынтык чыга электигин өкүнүч менен белгилеп, Германиянын президентинен маанилүү документти кабыл алууну тездетүүгө көмөктөшүүнү суранды.

“Акыркы маалыматтар боюнча, документ ушул жылдын аягына чейин даяр болот. Биздин оюбузча, процесс бир аз созулуп кетти. Биз бул процессти тездетүүдө ЕБге мүчө-мамлекет катары Германиядан жардам сурап, аны андан ары ратификациялоону өтүнөбүз”, - деди президент Садыр Жапаров.

Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы боюнча да макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлган жок, бирок сүйлөшүүлөр иштиктүү жана мазмундуу мүнөздө өттү . Кыргызстандын тышкы иштер министри Германияны активдүү болууга чакырат, анткени кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр чоң жана бул энергиянын кайра жаралуучу булактары гана эмес, бизде Европага экспорттой турган жогорку сапаттагы айыл чарба продукциялары бар. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 180 млн АКШ долларын гана түзгөн. Ал эми Евробиримдиктин "ВСП+" макамы боюнча республика биримдиктеги өлкөлөргө болгону 5 млн долларга продукция жөнөткөн.

"Биз бул жетишсиз деп эсептейбиз. Биздин эки тараптуу сооданы өнүктүрүү үчүн чоң потенциалыбыз бар”, - деди ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Германиянын делегациясы менен кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

Кызматташуу эң алдын экономика тармагындагы конкреттүү долбоорлор менен толтурулганда гана ийгиликтүү болот. Бул эл аралык мамилелердеги негизги ийгилик фактору. Бул багытта 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешине олуттуу басым жасалууда. Мамлекеттер аралык органдын кезектеги жыйыны ноябрь айына белгиленген, балким, ал убакытка чейин тараптар экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты жалпы эмес, кеңири талкуулоого даяр болушат. Анткени, бүгүнкү сүйлөшүүлөр ушундай күтүүлөрдү жаратты, Садыр Жапаров аларды “маңыздуу жана жемиштүү” деп баалады.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий