• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө кошумча күч тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө кошумча күч тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине бүгүн саат 09:00гө карата жалпы 195 адам тартылса, саат 11:00гө карата 250 адам издөө ишин баштады.

ӨКМдин курамында кинологдор болгон 145 куткаруучусу 6 дрон, 3 ат менен, ИИМден 100 кызматкер издөө ишин алып барууда. Ошондой эле жалпы 16 техника тартылды.

Эске салсак, 13-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий