• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ: Кылмыштуулуктун көрсөткүчү 47%га азайды

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кылмыштуулуктун көрсөткүчү 47%га азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, былтыр 6 айда 43 миң 159 кылмыш катталса, быйылкы жылдын алты айында 22 миң 634 кылмыш катталган.

"Кылмыштын катталуусу былтыркыга салыштырганда 20 миң 525 кылмышка аз", - деди министр.

Ошондой эле ИИМ башчысы кылмыштын бети былтыркыга салыштырмалуу 2 миң 421ге же 19%га көп ачылгандыгын кошумчалады. 2021-жылы 12 миң 428 кылмыштын бети ачылса, быйыл 14 миң 849 кылмыштын бети ачылган.

"Оор жана өтө оор кылмыштар 30% азайган. Сотко 423 кылмыш иши көп жөнөтүлүп, сотко жөнөтүү 4,5% жогорулаган (былтыр 9 миң 468 жөнөтүлсө, быйыл 9 миң 891 жөнөтүлгөн). Оор жана өтө оор кылмыштар 30%га, киши өлтүрүүлөр 6%га, зордуктоолор 45%га, опузалап талап кылуу 63%га, алдамчылык 25%га, транспорт каражатын айдап качуулар 26%га, уурулуктар 39%га жана башка кылмыштардын көрсөткүчтөрү да төмөндөгөн", - деди Ниязбеков.

ИИМ башчысы кошумчалагандай, баңгизаттарды аныктоо 140 учурга жакшырып, беш тонна 821 кг баңгизаттар алынып, былтыркыга салыштырмалуу эки тонна 910 кг көп алынган.

204 экстремизм кылмыштары аныкталып, натыйжада 1 миң 678ден ашык материалдар алынган.

Пикир

Оставить комментарий