• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

МСК: 1-сентябрда транспорт, үй жана жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт

Экономика 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Белгилей кетсек, ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий