• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

ИИМ кызматкерлери шайлоо тилкелериндеги коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери шайлоо тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылып, укук тартибин сактоого багытталган чаралар көрүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, жер-жерлердеги ички иштер органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынан турган атайын 50дөн ашуун “Документтештирүү топтору” түзүлүп, иш алып барылууда.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле милицияга бардык мыйзам бузууларга токтоосуз чара көрүү тапшырмасы берилди.

Аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону, алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу максатында бир катар жетекчилер региондорго бекитилген. Жалпысынан 15 миң ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүлгөн тартипте камсыз кылып жатышат.

Шайлоо учурунда ар түрдүү мыйзам бузууларды, айрыкча добуш сатып алуу, элди ташуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү сыяктуу элдин көңүлүн бурган көрүнүштөргө бөгөт коюу жаатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүп, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенет.

Учурда борбор калаадагы жана аймактардагы шайлоо участкаларында коомдук тартипти атайын бузуулар катталган жок. Милиция кызматкерлери республиканын бардык аймактарындагы 2 443 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий