• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштурган канал аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияны уюштуруу каналын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырылган Россия Федерациясынын Бурятия Республикасына иштегени келишкен 6 кыргызстандыктын паспортторун жумуш ээлери алып коюшуп, аларды мыйзамсыз кармап жүрүшкөн деген маалыматты текшеришкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан КР жараны Т.Н. Кыргызстандын жарандарын өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу иштерин жүргүзүүгө уруксаты жок болсо дагы кыргыз жарандарын мыйзамсыз Россия Федерациясынын Бурятия Республиксына жөнөткөндүгү аныкталды.

КР жарандары чет өлкөдө жумушка орношуудагы жакшы шарттарды жана жогорку кирешени убада кылган кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык тармактар жана Бишкек шаарынын базарларында жайгаштырылган жарнамалар аркылуу билишкен.

Мындан тышкары, кармалган адам мигранттарга РФга кирүүгө укук берүүчү жасалма күбөлүк бергендиги аныкталган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу") менен катталып, жаран Т.Н. ге шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, ага карата иш сотко жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий