• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан тууралуу 17 кызыктуу факт

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Улуттук статистика комитети 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан тууралуу 17 кызыктуу факт топтогон.

17 кызыктуу факт (2018-жылдын маалыматы):

1. 2018-жылы Кыргызстандын калкынын саны 6,4 млн адамды түзүп, анын 2,2 млн адамы шаарларда жашаган.

2. Кыргызстандын аймагында 10 жаратылыш коругу жана 13 мамлекеттик жаратылыш паркы бар, алар өлкөнүн жалпы аянтынын 1,3 млн гектарын же 7,4%ын түзөт.

3. Калктын 22%ы же 1,4 млн адам кедей жашайт.

4. 1 миң баланын ичинен ар бир сегизинчи бала өтө кедейчилик шарттарда өмүр сүрөт.

5. Калктын 17%ына пенсия жана жөлөкпул түрүндөгү социалдык колдоо көрсөтүлгөн.

6. Курагы 5 жашка чейинки ар бир сегизинчи баланын бою өзүнүн жашына тиешелүү нормадан төмөн.

7. Өлкөдө ар кайсы багыттар боюнча 13 миң дарыгер болуп (стоматологдорду эсепке албаганда), 1 миң адамга 2 дарыгер туура келген.

8. Күн сайын кургак учук менен 14 адамы ооруйт.

9. Кан айлануу оорууларынан каза болгондор жалпы өлүмдүн жарымын түзгөн (жалпы каза болгондордун 51%ы).

10. 7-14 жаштагы балдардын ичинен 42%ы сабаттуулук жагынан, 49%га жакыны математикадан аксап келет.

11. Курагы 15 жаштан улуу калктын 92%ы чөнтөк телефонуна ээ.

12. Курагы 15тен 24 жашка чейинки жаштардын 20,5 пайызы иштебейт, окубайт же кесиптик жөндөмгө ээ болбойт.

13. Калктын 70,8% формалдык эмес сектордо алектенген.

14. Бир жылда бир адамга орточо эсеп менен 171,4 кг таштанды туура келген.

15. Курагы 5 жашка чейинки балдардын 99%ынын төрөлүшү мамлекеттик органдарда катталган.

16. Күч менен никеге туруу, никеге туруу максатында ала качуу, жашы жете электер менен никеге туруу жана көп аялдуулук фактылары боюнча психологиялык-социалдык жардам көрсөткөн кризистик борборлорго 340 кайрылуу түшкөн.

17. Аялдар эркектерге караганда үй жумушуна 3 эсе көп убакыт сарптайт.

Пикир

Оставить комментарий