• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Новопавловка айылында 3 тонна кара куурай жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында 1 гектар жердеги 3 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө калк арасында баңги курамын камтыган өсүмдүктөрдү сактабоо, өстүрбөө, пайдаланбоо керектиги эскертилип, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий