• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Статком каттоонун өзгөчөлүктөрү боюнча ЖМКнын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта, Чүй облусунун Кой-Таш айылында жалпыга маалымдоочу каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнүн катышуусунда КРнын эл жана турак-жай фондун каттоого көрүлүп жаткан даярдык иштерин талкулоо боюнча семинар өткөрүлдү.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев эл каттоонун өзгөчө маанисине токтолуп, анын жыйынтыгы калкты жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандырууга негиз болоорун баса белгиледи.

Семинардын алкагында Улуттук статистика комитетинин жана БУУнун калк жайгаштыруу багытындагы фондун кызматкерлери медиа тармактын өкүлдөрүнө келе жаткан Эл каттоонун датасы, кандай форматта өтөөрүн, Эл каттоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Улутстаткомдун статистикалык каттоолор жана геомаалыматтык системалар бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева белгилегендей, алдыда боло турган эл каттоо биринчи жолу электрондук форматта, Android-5 мобилдик тиркемени жана андан жогору версиясы менен жүргүзүлөт. «Коопсуздук жана калктын жеке маалыматтарын коргоо максатында тиркеме ачык жеткиликтүүлүктө жок жана ар бир каттоочунун мобилдик тиркемеге кирүү үчүн өзүнүн жеке логини жана паролу болот, ал on-line жана off-line режиминде мамлекеттик жана расмий тилдерде иштейт», - деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде БУУнун калк жайгаштыруу багытындагы Фонддун байланыш боюнча адиси Канат Кубатбеков Эл каттоо учурунда респонденттердин жана каттоочулардын эпидемиологиялык коопсуздугуна токтолду. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте каттоо учурунда таажывирустук инфекциянын жайылып кетпеши үчүн жасала турган аракеттердин алгоритми иштелип чыккандыгын, ошондой эле вирустан жеке коргоонуучу каражаттар сатылып алынгандыгын жана каттоодогу суролор тизмесине респондент пандемия маалында вирус менен ооруганбы же ооруган эмеспи өңдүү суроолор боло тургандыгын баса белгилей кетти.

Семинарда ошол эле учурда статистикалык маалыматтарды таратуудагы кодонулуп жаткан заманбап технологиялар жана Улутстатком менен ЖМКлардын ортосундагы кызматташтыгын жакшыртуу максатында жасалып жаткан аракеттер да айтылды. Статистика тармагынын негизделгендиги, калыптангандыгы жана Улутстаткомдун коомубуздагы ролу тууралуу да видеороликтер семинарда көрсөтүлдү.

Иш-чарага катышкан медиа машыктыруучулар журналисттерди эл каттоо өткөрүлгөнгө чейин жана андан кийин калкка маалымдоо үчүн пайдалануу зарыл болгон ресурстар менен тааныштырышты, ошондой эле интерактивдүү тренинг өткөрүштү, ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө эл каттоо маселелериндеги билимдерин тастыктоого жана анын жыйынтыгы боюнча келечектеги басылмалар үчүн темаларды түзүүнүн мүмкүн болгон варианттарын түзүүгө мүмкүндүк берди.

Семинардын соңунда катышуучулардын ортосунда эл жана турак-жай фондун каттоо учурунда маалыматтык саясат, калың коомчулукка эл каттоонун маанисин туура жеткизүү боюнча пикир алмашуулар болду.

Иш-чара Улуттук статистика комитети Россиянын каржылык көмөгү менен БУУнун калк жайгаштыруу багытындагы Фонд тарабынан жүзөөгө ашырылуучу “КЫРГЫЗСТАТ: калк статистикасын өндүрүү, талдоо жана таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук статистика тутумун бекемдөө” долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий