• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Быйыл Жалал-Абад шаарына 35 миң көчөт отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Быйыл, 2022-жылы Жалал-Абад шаарында 30 миң даана туя брабант жана 5 миң түптөн ашык павловния, ак кайың көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы өткөн жылга салыштырмалуу 50%га көбүрөөк гүл эгүүнү пландап жатат.

Учурда шаар аймагын кооздукка бөлөө үчүн 10 түрдөгү гүл көчөттөрү аталган чарбанын күнөсканасында өстүрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий