• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМ: Оштон келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды. Шектүү делип УКТнын мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Ош шаарынан келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын (БМЖККК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери баңгизаттардын оор түрүн ташуу менен алектенүүчү каналга бөгөт коюу боюнча максаттуу ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Алсак, 2021-жылдын 26-январында ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа баңгизаттын оор түрүн Ош шаарынан Чүй облусуна ташып бара жатканы аныкталган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз адамдар тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын бирине жеткирүү үчүн шек туудурган жүк берилген. Жүктү алуу учурунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул районунун ИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада саат 12.30дар чамасында Чүй облусунун жолунан жүктү берүү учурунда кылмышкер кармалган. Ал жүктү алуу үчүн буга чейин соттолгон, ИИМдин каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран барган.

Ал жүккө кароо жүргүзүү учурунда кийимдеринин арасынан баштыкка оролгон уксус ангидриди жытына ээ болгон зат табылып алынган.

Криминалистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 15 граммды түзгөн “героин” экендиги аныкталып, шектүү кармалган.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий