• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто өзүнүн баласын өлтүргөн ата 5 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Ош шаардык соту 2018-жылдын 26-декабрында Ю.К.Х. аттуу жарандын ишин караган.

Ал жаран үч баланын атасы, улуту боюнча өзбек жана убактылуу иштебейт.

Тергөө 2017-жылдын 28-ноябрь күнү айыпталуучу өзүнүн Ф.Ю. аттуу баласын мектептен алган начар баалары жана кеч келгендиги үчүн ур токмокко алган. Ошол күнү ал баласына тез жардам кызматкерлерин чакырган эмес жана өзү да жардам берген эмес. Бала эртеси күнү алган жараттардан улам көз жумгандыгы аныктаган.

Айыпталуучу баласынын өлүмүнө мектептеги чоң класста окуган балдар күнөөлүү экендигин айтып ишендирүүгө аракет жасаган. Андан тышкары бала жараттарды спорт менен машыгуу маалында алгандыгын да билдирген.

Сот айыпталуучуну КР Кылмыш кодексинин 111-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий