• 87
  • 91.29
  • 0.84

ИИМ: Түндө коменданттык саат учурунда тартип бузган 70 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Коменданттык сааттын эрежесин бузган 70 жаран кармалып, 15 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча - 39 Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаары боюнча - 11, Нарын шаары боюнча - 8, Ноокат району боюнча - 2, Ата-Башы району боюнча - 7 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын облусуна караштуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунда дагы киргизилди. Тиешелүү жарлыктарга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Пикир

Оставить комментарий