• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында баңгизат саткан кыргыз жана өзбек жарандары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Ош шаарында баңгизат саткан кыргыз жана өзбек жарандары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 18-августта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “М” аттуу жаран ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бар экендиги жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.

"Ош шаарындагы мейманканалардын биринин алдында 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана 1979-жылы туулган Өзбекстандын А.Н. аттуу жараны кармалып, аларга тинтүү жүргүзүү учуруда кара пакеттин ичинен афган өндүрүшүндөгү "гашиш" баңгизаты табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат афган өндүрүшүндөгү 1 кг 36 гр салмактагы “гашиш” баңгизат каражаты экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесиндеги ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо") кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий