• 87
  • 90.41
  • 0.84

ИИМ: Таласта 9 жыл мурун болгон өтө оор кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мындан 9 жыл мурун жасалган өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды.

ИИМден билдиришкендей, окуя Талас облусунун Кара-Буура районунда болгон. 2014-жылдын декабрь айында М.С. аттуу жаран жалданып чабан болуп иштеп жүрүп ооруунун кесепетинен каза болду деп айтылган.

Милиция кызматкерлери болгон окуя боюнча маалыматтарды иликтеп, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, М.С. аттуу жарандын өлүмү боюнча шек пайда болгон. Шек жараткан учурларды текшерүүдө каза болгон адам киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Такталган маалымат боюнча, маркум М.С. жалданма чабан болуп иштеп жүргөн жана ошол күнү үйдүн ээси жана башка адамдар менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, пикир келишпестиктен улам чыр-чатак чыгып, аны сабап өлтүрүп алган. Кылмыштын изин жашыруу максатында өлгөндүгү тууралуу жасалма тактама жаздырып, маркум төрөлгөн Нарын облусуна жөнөтүшкөндүгү белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча КР КЖКнын 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, У.А. атуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий