• 87
  • 90.43
  • 0.88

ИИМ укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. «Кылмыштуулуктун алдын алуунун негиздери жөнүндө» КР мйзамын ишке ашыруу максатында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы ведомстволор аралык жумушчу топ менен бирдикте министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасында 2022-2028-жылдарга кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө” токтомунун долбоорун иштеп чыгууну аяктады. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы профилактикалык иштердин артыкчылыктарынын, принциптеринин тутуму болуп саналат жана ушул чөйрөдөгү негизги милдеттерди чечүүгө багытталган кылмыштуулуктун алдын алуу тутумун өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, формаларын жана ыкмаларын карайт.

Кылмыштуулуктун алдын алуунун натыйжалуу стратегиялары өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн чыңдоого өбөлгө түзөт.

Кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты - улуттук жана жергиликтүү деңгээлде укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуу тутумун түзүү жарандарды коргоонун деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоого жана жоюга багытталган.

Учурда “2022-2028-жылдарга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү тууралуу” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору КР президентинин Иш башкармалыгынын кароосуна киргизилди.

Ошону менен бирге министрлер кабинетинин бул токтомунун долбоору кабыл алынгандан кийин, кийинки этапта укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңеши түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий