ИИМ: WhatsApp аркылуу келген жалган билдирүүлөргө ишенбеңиз

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды WhatsApp аркылуу келген жалган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы күндөрү WhatsApp мессенджеринде, бир нече адамдардын тобу өзүлөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан алдоо жолу менен жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды чогултуп жатышат. Бирок, чындыгында алар уурулук менен алектенген адамдар экендиги тууралуу билдирүүлөр таралууда.

"Урматтуу жарандар, жалган маалыматка ишенбегиле. Эгерде сиздерге ушул сыяктуу текст менен смс-билдирүү келсе, аны башка жакка жөнөтпөңүздөр. Мындай фейк смс-билдирүүлөр калк арасында араздашууну жаратууга кызыкдар адамдар тарабынан өздөрүнүн жеке максаттарына жетүү үчүн жасалып таркатылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ИИОнун ыйгарым укуктуу участкалык милиция кызматкерлери зарыл болгон учурда гана аларга бекитилген аймактардагы үйлөрдү кыдырып маалымат алышат. Алар ар дайым кызматтык кийим кийип, кызматтык күбөлүктөрүн алып жүрүшөт жана көкүрөгүндө онлайн камералары, ошондой эле жашоочуларды, социалдык объектилерди, өзүнө тейлөөгө берилген айакта объектилерди жана керектүү маалыматты камтууга электрондук каттоо үчүн планшеттери дагы бар болот.

Участкалык милициянын ыйгарым укуктуу кызматкерлери үйүңүздөргө барганда сиз кызматтык күбөлүгүн көрүп, аны менен таанышып чыгууну суранышыңыз керек.

ИИМ эгерде сиздин үйүңүзгө шектүү адамдар, шектүү суроолор менен келсе, дароо жергиликтүү ички иштер органдарына кайрылууну, же 102 кыска номуруна чалууну эскертет!

Пикир

Оставить комментарий