• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

ИИМ жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бир катар кеңештерди берет

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. ИИМ жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бир катар кеңештерди берет.

Маалыматка ылайык, учурда мессенджерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынгандыгы боюнча жалган маалыматтар камтылган аудиотасма тарап жатат. Ички иштер министрлиги бул аудиожазуудагы маалыматтар чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирет. Жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды жарандар кантип айырмалоо керектиги боюнча бир нече кеңештерди сунуштайт:

1. Булагын текшериңиз. Сиз карап жаткан баракчанын веб-дарегин текшериңиз. Кээде фейк жаңылыктар сайттарынын веб-даректери орфографиялык каталарды камтыйт же сейрек кездешүүчү домендик кеңейтүүлөрдү колдонушат: nfonet же offer. Эгер сиз сайт менен тааныш эмес болсоңуз, анда “компания жөнүндө” бөлүмүнө өтүңүз;

2. Авторду баалаңыз. Автор жөнүндө маалыматты таап, анын ишенүүгө татыктуу экендигин билип алыңыз: бул чыныгы адамбы, анын макалалары белгилүү бир билим чөйрөсүнө тиешелүүбү жана ал айрым суроолорду чагылдырабы? Автордун умтулуусу эмне болушу мүмкүн экендигин баалаңыз;

3. Башка булактарды жана фактыларды текшериңиз. Бул фактыны башка кадыр-барктуу жаңылык булактары же маалымат каражаттары билдиреби? Макалада ишенимдүү булактар келтирилгенби?

Ишенимдүү жаңылыктар көптөгөн фактыларды камтыйт: маалыматтар, статистика, эксперттик цитаталар жана башкалар. Эгер мунун бардыгы жок болсо, ойлонуп көрүңүз-эмне үчүн? Жалган маалымат отчеттору көбүнчө туура эмес даталарды же өзгөртүлгөн мөөнөттөрдү камтыйт, андыктан макаланын жарыяланган күнүн текшерүү жакшы болот;

4. Сынчыл ой-жүгүртүүңүздү сактаңыз. Көптөгөн фейк жаңылыктар коркуу же ачуулануу сыяктуу күчтүү эмоционалдык реакцияларды жаратуу максатында түзүлгөн. Сынчыл маанайда болгула, өзүңүздөн сураңыз: бул макала кандай максатта жазылган? Ал айрым көз караштарды же суроолорду жайылтабы?

5. Комментарийлерди баалаңыз. Чыныгы макалада же видеодо эч кандай комментарий жок болушу мүмкүн. Көбүнчө, макалага шилтемелер жана комментарийлер боттор же адаштыруучу маалыматты жайгаштыруу үчүн жалданган колдонуучулар тарабынан автоматтык түрдө түзүлүшү мүмкүн.

6. Макаланын кыска экендигин текшериңиз. Сатиралык жаңылыктар сайттары абдан популярдуу, бирок жаңылыктын кыска же реалдуу экендиги ар дайым эле түшүнүктүү эмес. Сатиралык жана күлкүлүү окуяларды жарыялоо мүнөздүү экендигин билүү үчүн веб-сайттын өзүнө өтүңүз;

7.Сүрөттөрдүн аныктыгын текшериңиз. Социалдык тармактардагы сүрөттөрдү өзгөртсө болот. Сүрөттү өзгөртүү мүмкүн болгон белгилерине деформация кирет (фондо түз сызыктар ийри көрүнөт), таң калыштуу көлөкөлөр, тегиз эмес четтер, теринин реалдуу эмес кемчиликсиз өңү. Мындан тышкары, сүрөт чыныгы болушу мүмкүн, бирок адаштыруучу контексттин чегинде колдонулат.

Фейк жаңылыктар аларга ишенгендердин жардамы менен таратылат: алар жалган маалыматты мүмкүн болушунча жарыялап, кайра жайгаштырышат жана таратышат.

Ички иштер министрлиги жарандарга көңүл буруу менен маалыматтарды туура кабыл алууну сунуштайт. Эгерде сиз макаланын аныктыгына ишенбесеңиз, бөлүшүүдөн мурда токтоп, ойлонуп көрүңүз. Мыйзамды билбөө жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Жалган жана чагымчыл билдирүүлөрдү жөнөтүүгө тиешеси бар адамдардын бардыгы аныкталып, мыйзамдарга ылайык жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий