• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте электрондук таштандыга мониторинг жүргүзүү пландаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Казакстандын Алматы шаарындагы “Туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү” коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө электрондук таштандыларды башкарууга мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү маселелери талкууланды.

Андан соң Биринчи май акимчилигинин имаратында райондун башчысы Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда жыйын өттү.

Фонддун өкүлдөрү таштандыларды өзүнчө чогултуу пункту менен таанышты.

Өз кезегинде, аким мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, электрондук таштандыга мониторинг Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанда жүргүзүлөт, аны БУУнун Окуу жана изилдөө институту жана Туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү борбору Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык министрлигинин (BMU), Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин (UBA) колдоосу менен ишке ашырат.

Анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык баяндама жана Кыргызстанда электрондук калдыктарды экологиялык жактан таза башкаруу үчүн зарыл болгон маанилүү кадамдар жана чаралар даярдалат.

Андан соң долбоордун алкагында электрондук таштандыларды башкаруу көйгөйлөрүн талкуулаган Улуттук форум өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий