ИИМ жарандарды өлкө жетекчилигинин үнү менен коштолгон жалган видеолорго ишенбөөгө чакырат

Коом 0


Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда өлкө жетекчилигинин үнү менен каржы компанияларын жарнамалаган жалган видеолорго ишенбөөгө чакырат.

"Социалдык тармактарда өлкө жетекчилигинин үнү менен коштолгон ар кандай инвестициялык компанияларды жарнамалаган жалган видеолор тарап жатат. Видеолордо жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн өлкө жетекчилигинин үндөрү кошулган. Урматтуу жарандар, мындай жалган видеолорго жана үн билдирүүлөргө ишенбеңиздер", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМ жалган маалыматты тараткандарга мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий