• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ: Ысык-Атада жол кырсыгынан кайтыш болгон милиционердин окуясы боюнча иликтөө жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан улам кайтыш болгон милиция кызматкеринин окуясы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

10-январында болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек-Торугарт айлампа жолунан 16-чакырымынан автоунаа адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, 35-40 жаштагы белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жөө жүргүнчү алган ар кандай жаракаттарынан улам жол кырсыгы болгон жерден жан берген.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгисиз жөө жүргүнчүнүн өздүгү такталган. Ал Нарын облусунда иштеген 37 жаштагы милиция кызматкери, подполковник Күнболот Касымалиев экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий