• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

ИИМде окуучулар үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата Ички иштер министрлигинде окуучулар үчүн Ачык эшик күнү уюштурулду.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын негизги максаты жашы жете электер арасында укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун, кылмыштардын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматы менен ичинен тааныштыруу, ошондой эле жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо болду.

Иш-чарага маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова катышып, кесиптик майрамга карата жалпы милиция кызматкерлерине куттуктоо сөздөрүн айтты. Ал келечекте милиция болууну кыялданган патриот өспүрүм балдарды коштоп келип, ИИМдин Нөөмөт бөлүмү жана Басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Андан тышкары, министрликтин эл аралык кызматташуудагы жетишкендиктери жана сыйлыктарынан кабардар болушту.

Андан кийин окуучулар үчүн ИИМдин атайын багыттагы “Шумкар” полкуна экскурсия уюштурулуп, полктун кызматкерлери жаш конокторго курал-жарактарды жана атайын техникаларды, күжүрмөн даярдык боюнча күн сайын машыгуу көнүгүүлөрүн көрсөтүштү. Андан тышкары өздүк курамдын атынан конокторго белектерди жана Ассоль Молдокматовага ыраазычылык катын тапшырышты.

Балдар милиция кызматкерлеринин машыгуусун кызыгуу менен көрүшүп, жакшы маанайда кетишти.

Пикир

Оставить комментарий