ИИМде Пакистандан келген делегация менен жолугушуу өттү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жана Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Салим менен жолукту.

ИИМден билдиришкендей, жолугушууда Пакистандан келген студенттердин жана эмгек мигранттарынын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушууга Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Заигам, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев, ИИМдин ЭММКАКтын башчысы Урмат Жумабеков жана Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Мухаммад Салим Кыргызстандын ички иштер министрлигине кырдаалды турукташтыруу жана студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз убагында чара көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эркебек Аширходжаев бүгүнкү күндө ИИМ Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлөрдүн жарандарынын, өзгөчө студенттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча объективдүү жана ар тараптуу чараларды көрүп жатканына ишендирди.

Ошондой эле жолугушууда коноктор Пакистандан келген студенттер жашаган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүүнү суранышты.

Мухаммад Салим студенттер келечекте мамлекеттер ортосундагы мамилелерди кура ала турган көпүрө экенин белгилеп, Кыргызстандын жаштарын Пакистанга окууга чакырып, алардын экономикалык адистиктер жана инженерия багыттары абдан өнүккөндүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге КР Ички иштер министрлигине Пакистандын университеттеринде окууга эки грант бөлүнгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий