• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Башкы консул Новосибирскте абакта жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу К.Маматалиев Россиянын жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Новосибирск облусу боюнча башкы башкармалыгынын №18 түзөтүү колониясына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дипломат түзөтүү мекмесине Россиянын аймагында соттолгон Кыргызстандын жаранынын кайрылуусуна ылайык барган.

Белгиленгендей, аталган түзөтүү колониясында учурда Кыргызстандын 18 жараны камакта болууда.

Башкы консул абактагы КР жарандарынын камактагы шарттары менен таанышып, мекендештер менен баарлашып, укуктук жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берди.

Түзөтүү колониясынын жетекчилиги менен Кыргызстандын эркинден ажыратылган жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жарандарга тиешелүү документтерди даярдоо боюнча өз ара аракеттенүү үчүн байланыш түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий