ИИМдин 1,5 миңге чукул кызматкери шайлоо тилкелеринде коопсуздукту камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Шайлоо тилкелеринде Ички иштер министрлигинин 1,5 миңге чукул кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун 60, Ош облусунун Ноокат районунун 54, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 21 жана Ысык-Көл районунун 40 шайлоо тилкесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.

"Ар бир шайлоо тилкесинде милиция кызматкерлери жана жооптуу кызмат адамдары бекитилген. Жалпы жонунан 1500гө чукул кызматкер шайлоо тилкелеринде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштеп жатышат", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМ жарандарды добуш берүүдө мыйзамдын талаптарын жана тартипти сактоого чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий