• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

ИИМдин аймактык бөлүктөрүнө 25 жаңы унаа тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрүнө бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган жаңы унаалар тапшырылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, “Нива” үлгүсүндөгү 16 унаа милициянын аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми “Chevrolet Monza” үлгүсүндөгү 7 унаа ИИМдин ЖКККББга, 2 медициналык тез жардам унаасы ИИМдин Ички аскерлерине жана Медициналык башкармалыгына берилип, жалпы 25 унаа тапшырылды.

Жаңы кызматтык унаалар жарандардын чакырууларына ыкчам аракеттерди көрүү үчүн арналган. Ички иштер органдарынын техникалык камсыздалуусунан көп учурда иштин жыйынтыгы дагы көз каранды.

ИИМ министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүн материалдык -техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жаңы кызматтык унаалар алыскы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө арналгандыктан, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды ыкчам аткарууга мүмкүндүк берет,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий