ИИМдин Атайын багыттагы полкунда саптык кароо өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунда саптык кароо өткөрүлдү, - деп билдирет Атайын багыттагы полктун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анда кызматкерлердин жазгы-жайкы кийимге ѳтүүсү текшерилди. Полктун командири Аскат Султаналиев өздүк курам коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу кызматын алып барып жатканын билдирди.

Ошондой эле Аскат Султаналиев өз милдеттерин так аткарып, жаңы кодекстерди окуп, күнүмдүк кызматтык ишмердүүлүгүндѳ туура пайдалануу талаптарын койду.

Андан тышкары, 2021-жылдын жыйынтыгы менен болуп ѳткѳн ИИМдин коллегиясынын чечими менен бекитилген 5 кадамдык иш аракеттер мерчеминин талаптарын ѳз убагында, так жана жоопкерчилик менен аткаруу тапшырмаларын койду.

Пикир

Оставить комментарий