• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

ИИМдин ички аскерлери Росгвардиянын аскердик билим берүү уюмдарында окуй алышат

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов менен Россиянын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматынын директорунун орун басары Олег Плохой менен жолукту.

КР ИИМден билдиришкендей, Адылбек Бийбосунов дүйнөдөгү бүгүнкү реалдуулук коомдун тез өзгөрүүсүнө жана демократиялашуусуна байланыштуу, укук коргоо органдарынын ишмердигине жаңы талаптарды алып келерин белгиледи.

"Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндө Росгвардиянын жогорку жөндөмүүлүгүн эске алуу менен жана жарандарыбыздын коопсуздугун жана мамлекеттердин бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда фундаменталдуу платформаны түзүү максатында РФ Улуттук гвардиясынын аскерлеринин жогорку билим берүүчү аскердик уюмдарында КР Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын окутуу жөнүндө контрактка кол коюу биз үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилеп кетким келет”, - деди Адылбек Бийбосунов.

Тараптар ведомстволор аралык өнөктөштүк маселелерин талкуулашып, жыйынтыгында КР ИИМдиин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын Россиянын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин жогорку билим берүүчү аскердик билим берүү уюмдарында окутуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Анын негизги максаты РФ Улуттук гвардиясынын аскерлеринин жогорку билим берүүчү аскердик билим берүү уюмдарында акысыз негизде КР ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын РФ өкмөтү тарабынан белгиленген квоталар боюнча кабыл алуу жана окутуу болуп саналат.

Өз кезегинде Олег Плохой өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактары боюнча мындан аркы көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө конокторго ИИМдин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий