ИИМдин Ички аскерлеринде 2023-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Күн мурун КР ИИМдин Ички аскерлеринде күжүрмөн даярдык, аскердик тартип, аскерлер кызматы, күжүрмөн кызмат боюнча 2023-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана Ички аскерлеринин кол башчысынын Марат Нуралиев, кол башчынын орун басарлары жана Ички аскерлердин кол башчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жетекчилери, жер-жерлердеги аскер бөлүктөрдүн командирлери катышты.

Ыкчам кеңешмеде республиканын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында орун алган аскер бөлүктөрүнүн командирлери, кол башчылыктын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчылары 2023-окуу жылында аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.

Отчет бергендер укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш чаралардан тышкары, күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүктүн деңгээли жана өздүк курам үчүн көрүлүп жаткан шарттар, алдыга коюлган тапшырмалар тууралуу кенен баяндама беришти. Ошол эле учурда ийгиликтер менен катар кемчилдиктерге да кенен баа берилип, аларды жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлөөрү эскертилди.

2023-окуу жылынын жыйынтыгы чыккан соң, 2024-жылдын I кварталына тапшырмалар коюлуп, 7704 аскер бөлүгү өтмө вымпел жана I даражадагы диплом, 7708 аскер бөлүгү II даражадагы диплом, 7702 аскер бөлүгү III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Ички иштер министринин орун басары өткөрүлгөн кеңешменин катышуучуларына коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүн билдирип, аны менен бирге өздүк курам күтүүсүз коюлган тапшырмаларды аткарууга дайыма даяр болуусун баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий