ИИМдин Ички аскерлеринде машыгуу үчүн бөлүнгөн каражатты кымырып алуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. ИИМдин Ички аскерлеринде атайын тактикалык машыгууну даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын кымырып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын июнь айында машыгууну өткөрүү үчүн керектелүүчү болгон материалдык баалулуктарды сатып алууда ИИМдин Ички аскерлеринин жооптуу кызмат адамдары документтерди жасалмалап жана бааларды жогорулатуу жолу менен товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алып, мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирген.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий