• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Ордо конушундагы жаңы мектепти жашылдандыруу иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бишкектин Ак-Ордо конушундагы жаңы мектепти жашылдандыруу иштерин аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда көк майсандын уругун 350 чарчы метр жерге сээп, 420 чарчы метр жерди ылдыйлатып түздөө иштери бүткөрүлдү.

Андан тышкары, 83 жазы жана ийне жалбырактуу бак-дарактар отургузулуп, мектептин аянты кооздолду.

Жаңы мектептин аянтын жашылдандырууда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын 18 кызматкери эмгектенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий