Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинде Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков, ардагерлер, ошондой эле өздүк курамы катышты.
Министрлин орун басары Суюнбек Ниязбеков өз сөзүндө Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине татыктуу кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.
Салтанаттуу иш-чарада кызматтын бир катар кызматкерлери жана ардагерлери, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана жаш муундарды тарбиялоодогу баа жеткис салымы үчүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, жыл сайын 19-январда Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет.
Пикир
Оставить комментарий