• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жээнбеков: РКӨФ мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” фонд болбойт

Коом 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт. Бул региондордо бизнесин жаңы баштап жаткан ишкерлерге, дыйкандарга иштей турган Фонд болот. Президент Сооронбай Жээнбеков мындай билдирүүнү "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" аттуу конференциясында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтуусунда, былтыр бардык облустарда Россия-Кыргыз фондунун регионалдык консультациялык борборлору ачылган.

"Региондорду өнүктүрүүнү финансылык колдоо максатында мамлекеттик жеңилдетилген кредиттөө программалары ишке ашырылды. РСК Банк тарабынан 8 млрд. сомдон ашык тогуз миңге жакын кредит берилген. Региондорго берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөйгөн. Азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурду. Эң алыскы айылдарга төмөн – 12 пайыз менен 3 жылга, 150 миң сомго чейинки кредиттерди берип жатат. Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом кредит берилген, бул мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп. Кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөн. "ФСХ-6" программасынын алкагында 5,6 млрд. сом суммасында 11 300дөн ашык айыл чарба кредитин берди", - деди мамлекет башчысы.

Жээнбеков бул багытта кредит берүү улана тургандыгын билдирип, “ФСХ – 7” программасынын алкагында быйыл кредит берүүнүн көлөмү дагы да көбөйөт деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий