• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Милиционер Султан Жумабек уулу Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөөдө

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Султан Жумабек уулу үстүбүздөгү жылдын август айында Соң-Көлдү сүзүп өтүп, андан соң Гиннестин рекордор китебине арыз тапшырууну көздөп жатат.

ИИМден билдиршкендей, иш-чара Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулууда.

Бишкекте иш-чарага байланыштуу маалымат жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары Алмазбек Жумабеков, “Nomad Sport” ишканасынын директору Арслан Малдыбаев, жана "World Class" фитнес клубунун менеджери Евгения Сураева катышты.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө иш-чаранын уюштуруучулары спортчу кандай кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экендигин белгилешип, Султан Жумабек уулуна ийгиликтерди каалашты.

Эскерте кетсек, Султан Жумабек уулу 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым аралыкта сүзүп өтүп, Кыргызстанда биринчи болуп ультратриатлон аралыкты - 13 чакырымга сүзүү, 340 чакырым гавеложарыш, 52 чакырымга чуркоо боюнча жеңишке жетишкен.

Маалымат үчүн: Соң-Көл көлү Кыргызстандын түштүк-чыгышында Нарын облусунда жайгашкан. Ал өзүнүн тунук суулары жана кооз тоо пейзажы менен белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий