• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМдин Күзөт жана Кылмыш иликтөө кызматтарына жаңы жетекчилер дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Ички иштер министринин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты.

ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Ал эми ошол эле буйруктун негизинде, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы болуп дайындалды.

"Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий