ИИМдин кеңешине көңүл буруп, телефон шылуундарынан сак болуңуз — видео

Коом 0


Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды телефон шылуундарынан сак болууну эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана "102" кызматтарына телефон алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр келип түшүүдө.

"ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Алар жарандардын телефон номерлерине байланышка чыгып, күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, туугандары кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) кабарлоо менен курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышат. Жабыркагандардын арасында чалгандардын көрсөтмөсү боюнча шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, жакындарыңыз менен байланышып, маалыматты тактоону сунуштайт.

ИИМ шылуундардын талаптарын аткарууга шашпай, күнү-түнү иштеген "102" кыска номерине жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө кабарлоону эскертет!

Пикир

Оставить комментарий