ИИМдин окуу борборунда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборда "Демократиялык принциптер боюнча полициянын ишмердүүлүгүндө трансулуттук коркунучтарга жана үй-бүлөлүк зомбулуктарга бөгөт коюу" аталышында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, семинар Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун өкүлдөрүнүн, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жана Академиясынын кызматкерлери биргеликте уюштулду.

Семинар-тренингдин максаты балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукту, балдарды диний экстремизмге жана терроризмге тартуу жаатында трансулуттук коркунучтарды болтурбоо, убактылуу коргоо ордерлерин берүү, узартуу жана көзөмөлдөө боюнча видеоматериалдар менен камсыз кылуу аркылуу практикалык көндүмдөрдү алуу, окутуу менен ИИОнын кызматкерлеринин потенциалын демократиялык принциптер боюнча жогорулатуу.

Аталган семинардын жыйынтыгында Борбордун кызматкерлерине тастыктама тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий