• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кайрат Осмоналиев Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун теңтөрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан тарабынын Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын тең төрагасы Икбал Бабаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкыв иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасай турган долбоорлордун артыкчылыктуу багыттары, жана ошондой эле Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги менен АКӨФ ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн формалары талкууланды.

Элчи Кайрат Осмоналиев менен фонддун башкармалыгынын тең төрагасы И.Бабаев эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо үчүн бул кызматташтыктын маанисин баса белгилешип, өнөктөштүк мамилелердин мындан ары да өнүгүп, бекемделишине ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий