• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери бажы төлөмдөрүнүн жыйымы 100 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. 30-ноябрга карата Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 100,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, план 108,2%га аткарылды же 7,7 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 11 айына салыштырмалуу түшүүлөр 35,2 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 153,7%ды түздү.

Белгилей кетсек, бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94 млрд 635,9 млн сом суммада белгиленген. Бул план ушул жылдын 15-ноябрына карата толук аткарылды.

Бүгүнкү күнгө карата өзгөртүүлөр киргизилип, жылдык план 13 млрд сомго көбөйтүлүп, жыл аягына чейин 107,6 миллиард сом чогултуу планы коюлууда. Бул план жылдын аягына чейин аткарылышы күтүлүүдө.

Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду.

Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий